Калифорния университетин тарыхта биринчи жолу теги африкалык болгон адам жетектейт
АКШдагы Калифорния университетин тарыхта биринчи жолу теги африкалык болгон адам жетектейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, АКШдагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири Калифорния университетинин президенти болуп 69 жаштагы Майкл Дрейк дайындалмакчы.
Дрейк кызматы тууралуу кабарды укканда "мен толкунданып жатам жана иштөөгө даярмын" деп билдирген.
Калифорния университетин Жанет Наполитано 2013-жылдан бери жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.