Орун саткан дарыгер жумуштан алынат. Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү кызматкерлерге эскертүү берилгенин айтты

Азыр медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги байкалып жатат. Анын ичинен реаниматологдор жетишпей жатканы социалдык тармактарда талкууланып жатат. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова төмөнкүлөрдү билдирди.
"Буга чейин биздин медицинада реаниматологдор жетишип келген. Азыр алардын көбү коронавирус менен ооруп жатса, дагы бир тобу обсервацияларда болуп жатат. Кече чыккан буйрук боюнча, эмгек өргүүсүндөгү бардык кызматкерлер жумушка чыгышат", - деди ал.
Ошондой эле ооруканалардын жана стационарлардын башчыларына кечээ, 8-июлда чогулуш болуп өткөн. Анда аларга орундардын сатылышы боюнча эскертүүлөр берилген.
"Бейтаптарды кабыл албай койгон окуя катталса, анда ошол стационарлардын же ооруканалардын башкы дарыгерлерин жумуштан алуу маселеси каралары айтылып, баарына маалымат берилди", - деди Акматова.

