Депутат Кубанычбек Жумалиевдин абалы оорлошуп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканы айтылууда
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмониядан жабыркап, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Анын абалы оор экенин жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.
Жарандык активисттин айтымында, Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.
"Маалыматты жакындарына чалып тактадым. Чынын айтканда, мындай кабарды угуп жаман абалда калдым. Буга байланыштуу Фейсбукка дагы билдирүү калтыргам", - дейт Мелис Аспеков.
Жарандык активист Фейсбукка төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.
"Ушул жаңылыкты окуган соң ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байкенин батырак сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин жүрөгүм зырп этти. Кайдан мен бердим, кайдан сиз ала калдыңыз... Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба... Бутка туруп кетип, мына сага деп бир чоң медициналык борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын!", - деп жазылат билдирүүдө.


Koreayada ooru bashtalgandan beri 200 ashik adam kaytish boldu~Kirgizstsnda chu degende ele kanchalagan adamdar kaytish bolup ketti jashi karisi debei,koreyada maskani takkir uzboi tagip anchalik oorloshkon jok~kundo kirip kozundun jashi chiga turgan janiliktardi okup jatamin ~Baari ozubuzdun kolubuzda
Biroo baari uchun
Baari biroo uchun
Kimdin emne bolup oorup jatkanin kaidan bilesin~ bet kap taksan saga virus kirbeit senin virusun bashkaga kurbeit
Saga okshogon adamdardin ayinan ushundai oor kundor keldi
Andan kiyin bet kap
Куран, дин сыяктуу тушунуктор эч жардам бербейт ооруга. Азыр озуно сак бол. Башка вариант жок.