Баткен облусунда учурда жасалма дем алдыруучу 42 аппарат иштеп жатканы айтылды
Учурда Баткен облусунда жасалма дем алдыруучу 42 аппарат иштеп жатат. Ал эми кычкылтек концентраттарынан 134 аппарат бар. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
Анын айтымында, коргонуучу каражаттар боюнча учурда 110 миң бет кап, 7 миң 574 бир жолку колдонуучу комбинезон, 2 миң 896 көп жолу колдонуучу комбинезон, 8 миң 25 респиратор бар. Мындан сырткары бахила, көз айнек, кол кап, антисептик, дезинфекциялык каражаттар жетиштүү.
"Учурда облуста жасалма дем алдыруучу 42 аппарат иштеп жатат. Ал эми кычкылтек концентраттарынан 134 аппарат бар. Ошондой эле коронавирус оорусу күчөгөндөн бери коомдук уюмдар, демөөрчүлөр тарабынан дагы 2 жасалма дем алдыруучу аппарат, 4 кычкылтек концентратору ооруканаларга тапшырылды. Биз учурда 3 айга жете турган запасты камдоо боюнча билдирүүлөрдү бердик, сатып алуулар жүрүп жатат", - деп билдирди ал.



1 |