Ысык-Көлдө коомдук унаалар 10-июлдан баштап токтойт
Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси кызматы 10-июлдан тартып токтойт. Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20-июлга чейин иштебейт.
Такси кызматтары санитардык эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70 пайызга чейин орундуктарды ээлөөсү каралган.
Мындан сырткары 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында, ар бир жаран менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.