super.kg logo

Ишенбегиле, фейк! Муфтият каза болгон жарандардын сөөгүн биринин артынан экинчисин кабырга ыргытып жаткан видео боюнча билдирүү жасады

 
Социалдык тармактарда каза болгон адамдардын баштыкка салынган жансыз денесин казылган жерге биринин артынан экинчисин ыргытып жаткан видео тараган. Видео "Бишкек шаарында, жашыруун камера" деген аталышта эл арасына жайылып, көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды.
Интернетке тарап кеткен видео боюнча Муфтияттан билдирүү таратып, чындыкка дал келбей турганын кабарлашты.
"Социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Индия мамлекетинде тартылган видеону "Бишкекте" деп таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон кыянатчылык. Мындай жалган маалымат тараткандардын жазасын Алла Таала өзү берсин.
Кыргыз өлкөсүндө маркумдун сөөгү шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда.
Урматтуу мекендештер, интернет аркылуу ар кандай такталбаган, фейк маалымат тараткандар көбөйүп кетти. Кандай гана маалымат чыкпасын биринчи маалыматтын булагы, расмий тастыкталганы аныкталган соң ишенүүңүздөрдү суранабаз. Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийиштүү органдардан тактаңыздар", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.





Фейк! Элди дүрбөлөң түшүргөн видео Бишкекте тартылган эмес

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
09.07.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алла сактасын. Элибизге тынчтык амандык,бейпил жашоо каалаймын.
09.07.2020. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эл озу пандемиядан санаа тартып отурса, фейк маалыматтарды тараткан мекендештер Аман эле болгула
09.07.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанагы [moderated]дагы подписчик топтош учун жалган маалымат тараткан аферисттерди жоопко тартуу кк.Темасы ызы чуу видеосу совсем башка аферисттер.
09.07.2020. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенирим элимди ушундай жалган ушактардан сактап, элиме тынчылык берсин.
10.07.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүбүздө болуп жаткан кырдаал жетишпей жаткансып чет өлкөнүн видеосун да Кыргызстан деп жарыя кылбай эле койгулачы интернеттин кайсы жагына кирсең ушул каронавирус окуп жатабыз көрүп жатабыз дегендей анан чет өлкөдө тартылган видеону да бизде тартылды дебегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: