super.kg logo

Талас-Бишкек каттамы жүргүнчүлөр үчүн токтотулду. Облустун аймагына эки апталык чектөөлөр киргизилди

 

Талас облусунун аймагына эки апталык чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев тарабынан маалым болду.

"Облустук ыкчам штабдын чечими менен эки апталык чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык, Талас-Бишкек каттамы жүргүнчүлөр үчүн жабылды. Тагыраак айтканда, Талды-Булак постунан Таласта каттоосу барлар гана өтө алат. Азык-түлүк, медициналык каражаттарды жана башка транзиттик маанидеги жүктөрдү ташыган унаалар гана облустун аймагына кирип, чыга алат. Ал эми райондор аралык каттамдар токтотулган жок.

Мындан тышкары мал базарлар жана футбол аянттары эки аптага жабылды. Балдар кечки салкында футбол ойноп, тердеп барып жуунушат. Мындан улам пневмония илдетине кабылышы мүмкүн деп оюн аянтчаларын дагы жаптык", - деди өкмөттүн облустагы өкүлү.

Бүгүнкү күнгө карата облуста коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 83кө жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
10.07.2020. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар таластык туугандар
Ушу Таласка эле көчүп кетким келип калды бишкектен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: