Грепплинг боюнча дүйнө чемпиону атайын дарыгерлерге деп берген респиратордук бет каптарды дарыгерлер көрбөгөнүн айтты
Грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абурахманхаджи Муртазалиев Бишкек шаарындагы Фучиктеги ооруканада иштеген дарыгерлерге 550 респиратордук бет кап таратканын, бирок дарыгерлер мындай бет капты көрбөгөнүн айткан видеону социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Анда Муртазалиев ооруканадагы дарыгерлерден "Ушундай респиратордук бет кап көрдүңүзбү? Бир дагы жолу көргөн жоксузбу? Сиз бул ооруканада күндө иштейсизби?", - деп сураганын угууга болот.
Аталган ооруканада иштеген дарыгерлер мындай бет кап көрбөгөндөрүн айтышкан.
Абурахманхаджи Муртазалиев 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грепплинг боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.
Грепплинг боюнча дүйнө чемпиону атайын дарыгерлерге берген бет капты дарыгерлер көрбөгөнүн айтышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Туура айтасыз.
Бирок олум жазасын киргизуудон мурун жаны президент шайлашыбыз керек.Болбосо бул бийлик баарыбызды кыйнап койгудай.Соттор жыргап калат го анда бугункулор.