Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө күн күркүрөп, катуу шамал болот
Жакынкы бир саатта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал орун алып, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 14 метрге жетет деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Министрликтин маалыматына ылайык, катуу шамал түндө дагы болуп, күн күркүрөйт.
Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга унааларын бак-дарактын жанына, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоону эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.