Бишкекте мечиттерде жума намазын окууга убактылуу тыюу салынат
Бишкек шаарындагы мечиттерде жума намазын окуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Анда Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде, төмөндөгүдөй чечим кабыл алынганы айтылат.
1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун;
2. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды аткаруу жана аралыкты сактоо шарты менен окула берет;
3. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Дин башкармалыгынан бул чаралар эпидемиологиялык абалды эске алуу менен инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынганы кошумчаланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
Рейтинг:
0

Азыр мындан 14 кун мурун жугузуп алгандар ооруп жатат. Азыр жаппасы мындан 14 кундон кийин да оруулуулар азайбашы мүмкүн.