super.kg logo

Ошко Санкт-Петербургдан 184 Кыргыз жараны кайтып келди

 

Ошко Санкт-Петербургдан дагы 184 Кыргыз жараны чартердик каттам менен кайтып келишти. Маалыматты бүгүн, 9-июлда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттамга төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуулар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди.

Чартердик каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: