"Токио-2020": Күйөрмандар сатып алган билеттердин акчасы кайра кайтарылат
Келерки жылы Япониянын борбору Токио шаарында өтүүчү XXXII жайкы олимпиада оюндарына күйөрмандар сатып алган билеттердин акчасы кайтарылат. Бул тууралуу олимпиаданын уюштуруу комитетине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Расмий маалыматтарга ылайык, олимпиада уюштуруучулары жайкы олимпиада оюндарына 4 миллион 480 миңден ашуун билет сатышкан. Ошондой эле паралимпиада оюндары үчүн 970 миңге жакын билет сатылган.
Эске салсак, быйыл өтүүчү "Токио-2020" жайкы олимпиадасын коронавирус пандемиясынан улам ушундай эле аталышта келерки жылы өткөрүү чечими кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.