Балыкчы-Кочкор жолунда эки унаа кагылышып, 3 адам каза болуп, 3 өспүрүм жаракат алды




Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек жана бир аял каза болуп, дагы 3 өспүрүм ар кандай жаракат алышкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын Балыкчы шаардык бөлүмүнөн 4 куткаруучу, "Тез жардам" жана ИИМдин кызматкерлери барышкан.
Куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган өспүрүмдөрдү "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага алып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Jaka78

10.07.2020. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иий кудай ай, ыйманы саламат болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.