Бишкектеги студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдуулар тапшырылды
Жаңы медициналык жабдуу
Жаңы медициналык жабдуу
Студенттер поликлиникасына берилген медициналык жабдуу
Бул медициналык жабдууну Япония берген
Бүгүн, 11-сентябрда
“Бишкек шаарынын студенттерин медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу
долбоорунун” алкагында баш калаанын студенттер поликлиникасына жаңы медициналык
жабдуулары тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык
сактоо департаментинен билдиришти. Иш-чарага Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо
департаментинин директору, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү,
Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, ЖОЖдордун ректорлору жана
шаардык медицина мекемелеринин жетекчилери катышты. Жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашкан медициналык жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын
алкагында берилди.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















