super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылды

 

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталып, сотко чейинки кылмыш иши ачылган. Бул факты боюнча мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы суракка чакырылды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөгө мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чакырылган.

Алтынай Өмүрбекова 1-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: