Вице-премьер-министр: "Дүйнөлүк банктын 2 миллион 200 миң доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду"
Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 миллион доллар финансы каражатынан 51 пайызы же 321 миллион доллар келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүнкү брифингде билдирди.
"Алардын ичинен 166 миллион доллар өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 миллион доллар – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө", - деп билдирди вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.
Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.
171 миллион доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80 пайызы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.
Дүйнөлүк банктын 2 миллион 200 миң доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө. 3 миллион доллардан сатып алууга жумшалган.
1 миллион 300 миң доллар өзгөчө абал режими учурунда гуманитардык жардам көрсөтүүгө сарпталган.
"Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам тууралуу кеңири маалыматты өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат апта сайын жаңыланып турат", - деп белгиледи ал.


Жок дегенде медиктердин кошумча акчасын тоолук кылып берип койсоңор болот еле...