super.kg logo

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы орун басары Чайка Керимбаев пневмониядан каза болду

 

Улуттук коопсуздук комитетинин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн жетекчисинин мурдагы орун басары, полковник Чайка Керимбаев пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылындагы айылдаштары билдиришти.

Алардын айтымында, Чайка Керимбаев мыкты жолдош, камкор ата жана сүйүктүү чоң ата болгон.

"Ал болгону 54 жашта эле. Башка өнөкөт оорусу деле жок болчу, ишене албай турабыз. Жубайы Аселге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - дешет айылдаштары.

Ал эми укук коргоо органдарынын ардагерлеринин атынан жазылган социалдык тармактагы баракчадагы көңүл айтууда Чайка Керимбаев өз ишинин мыктысы гана эмес, адамкерчилиги дагы жогору болгону белгиленет.

Керимбаевдин акыркы ээлеген кызматы "Роснефть" компаниясынын гендиректорунун орун басары болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: