super.kg logo

Элчилик: "Орусиянын токоюна көмүлгөн мигранттардын бардыгы Кыргыз жарандары"

 

Орусиянын Якутск шаарындагы токойдо канаттуулар фермасынын аймагынан массалык түрдө көмүлгөн мүрзө табылгандыгы айтылган. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

"Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат. Белгиленген жерде 5 Кыргыз жаранынын сөөгү көмүлгөн. Алардын ичинен төртөө - Кыргыз жараны, ал эми бирөөсү Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн Орусиянын жараны. Жарандардын сөөктөрүн көмүүгө тийиштүү уруксат кагаздары жана документтери бар.

Маалыматка ылайык, сөөк коюлган жер жергиликтүү мусулман көрүстөнүнө тиешелүү. Тилекке каршы, мусулман көрүстөнүнүн аймагы өз убагында тосулган жана каралган эмес. Азыркы убакта Саха Республикасынын (Якутиянын) мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бул мусулман көрүстөнүнүн аймагы тазаланып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, уруксатсыз топтолгон таштандылар жок кылынып, мүрзөлөр тазаланды. Саха Республикасынын дин башкармалыгы көрүстөндүн аймагына ар дайым кам көрүү тууралуу жана аймактык мүчөлүк боюнча документтерди тапшыруу чечимдерин жарыялады", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
11.07.2020. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: