super.kg logo

Министрликтин алгоритмине ылайык дарылоо жүргүзбөгөн медкызматкерлер жоопкерчиликке тартылат дейт Аида Исмаилова

 

Бүгүнкү күндө ооруп, дарыланып жаткан бейтаптар дарылоо туура жүргүзүлүп жатабы деген суроо менен көп кайрылып жатышат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды дарылоо алгоритмин түзгөн. Дарыгерлер ошол алгоритмдин негизинде гана дарылоо жүргүзүшү керек. Алгоритм менен менен иштебеген медкызматкерлер жоопкерчиликке тартылат дейт вице-премьер-министр Аида Исмаилова. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Мындан тышкары вице-премьер-министр социалдык тармактарда тарап жаткан COVID-19ду дарылоо боюнча сунуштамаларга токтолду.

"Мындай сунуштамалар боюнча адистер бирдиктүү пикирди карманууда. Коронавирусту дарылоо жана изилдөө менен түздөн-түз алектенбеген адистердин таратып жаткан сунуштамаларын аткарууга болбойт.

Тилекке каршы, амбулатордук дарыланууда булчуңга сайма инъекциялар жана тамчылатма дары түрүндөгү дары-дармектер көп колдонулууда. Сиздерден өз алдынча дарыланбоону суранабыз, эуфиллин жана дексаметазон сыяктуу күчтүү дары-дармектерди өз алдынча колдонбоңуздар. Бул дарыларды акыркы чара катары жана дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана колдонсо болот. Дарылоо рецептерин интернеттен жана башка булактардан алуунун кажети жок. Дарыгердин көрсөтмөсүн гана аткарыңыз, ал өз кезегинде тиешелүү клиникалык протоколдорду аткарат", - дейт Исмаилова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: