super.kg logo

Депутат Тазабек Икрамов коронавирустан айыкканы айтылды

 

Коронавирус илдетине кабылып, андан дарыланып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айыгып үйүнө чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Билдирүүдө Тазабек Икрамов менен бирге депутат Экмат Байпакбаевдин да коронавирустан сакайып чыкканы айтылат.

"Жакында экөө тең каронавирустан сакайып чыгышты. Экмат Байпакбаев эчак сакайган, менин абалымды сурап телефон чалыптыр. Өзү да ооруканадан үйүнө кайтып келиптир. "ПЦР-анализ таза чыкты, иним. "Депутаттар элге жардам бериши керек, элдин арасында болушу керек" деп жазганыңды окудум. Азырынча эшикке чыга албайм. Бирок Сокулук районунда төрт айылдын доктурларына жардамчыларым кол кабыш кылып жатат. Колдон келген жардамдарды берип жатабыз" деген. Тазабек Икрамов да ооруп жатканына карабай, Кызыл-Аскерде күндүзгү стационар ачууга каралашты. Бул экөөнүн депутаттыгы жөнүндө эч нерсе айта албайм, бирок адамкерчилиги бийик экенине кепилдик бере алам.
Азыр пандемия күчөп жаткан маалда депутаттык орунга көзү кызарып, БШКга шашылыш түрдө каттоого туруп жаткан партиялардын катарында жүргөн замандаштарыма ушуну айткым келет: "Депутат болуу оңой, адам болуу өтө кыйын", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
10.07.2020. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы. Эч пайдасыз депутат болсон деле жамандык каалабайм. Кудай астында баарыбыз бирдейбиз
11.07.2020. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болсоң да аман жүр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: