Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдиргенин республикалык штабдан билдиришти.
"Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес. Байланыш операторлору 5G тармагынын жабдууларын орноткон эмес жана пайдаланган жок, мамлекеттик байланыш агенттигинен уруксат берилбеген. Мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу таралып жаткан 5G технологиясынын зыяндуулугу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдирди Алтынбек Исмаилов.
Анын айтымында, заманбап технологиялар адам өмүрүнө коркунуч жаратат деген калп маалымат менен элди дүрбөтүп, калкты укукка каршы иш-аракеттерге үндөп жатышат.
"Радио толкундар вирустарды өткөрбөйт, тилекке каршы адамдар жалган маалыматка ишенип жатышат. Санариптик гигиенаны сактаңыздар жана маалымат булактарын текшерип туруңуздар", - деп кошумчалады ал.

