super.kg logo

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ооруп жатканына байланыштуу соттук иш жылдырылды

 

Бүгүн, 10-июлда Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жазык иши каралмак. Бирок ал айыпталуучу Курсан Асановдун ооруп жаткандыгына байланыштуу жылдырылганын мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кийинки соттук териштирүү 24-июль күнү саат 10:00гө белгиленгени маалымдалат.

Окуянын чоо-жайы:

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын министри Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Курсан Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.

Курсан Асановдон тышкары Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Курсан Асановдун жан сакчысы Дамир Пайзилда уулу жана журналист Турсунбек Бейшенбеков дагы айыпталуучу катары өтүүдө. Айыпталуучулар учурда үй камагында.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: