super.kg logo

Бишкек ШИИББинин кызматкери коронавирус инфекциясынан каза болгону айтылды

 

Бүгүн, 10-июлда Бишкек ШИИББинин кадр башкармалыгынын ага инспектору, майор Азамат Раимбердиев 42 жашында каза болду. Ал коронавирус инфекциясынан кайтыш болгонун жакындары жазып чыккан.

Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдирүү таратышты.

"Азамат Жумабековичтин арабыздан узап кеткенин терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ал 42 эле жашта болчу. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөштү, мүмкүн болгон бардык каражаттар колдонулду, тилекке каршы коркунучтуу оору күчтүүлүк кылды. Баарыбыз үчүн бул чоң жоготуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлери биздин катарды таштап, узап жатышат. Азамат Раимбердиев биздин эсибизде түбөлүккө калат.

Өзүмдүн жана башкармалыктын жалпы жамаатынын атынан Азамат Жумабековичтин жубайына, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деген Бишкек ШИИББинин жетекчиси Канат Жумагазиев.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча коронавирус инфекциясынан жалпы 122 адам каза болсо, пневмониядан 350 киши кайтыш болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: