Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси пневмониядан көз жумду
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдрахим Абдрасилов пневмониядан каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан бүгүн, 10-июлда кабарлашты.Абдрасилов Абдрахим Акчалович 17 жыл аталган шаардык транспорт башкармалыгында эмгектенген.
Ал 1955-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун (мурдагы Киров) Чеч-Төбө айылында төрөлгөн.
1979-жылы Москва жол институтун инженер-механик адистиги боюнча билимин аяктаган.
Эмгек жолун 1992-жылы "Шаардык жүргүнчү ташуучу автоунаа ишканасы" муниципиалдык мекемесинен баштаган.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кызматы үчүн "Автоунаадагы эмгек сиңирген ишмери" наамын алган.
SUPER.KG порталы Абдрахим Абдрасиловдун көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















