Күйөөсү-аялы жана уулу каза болгон. Балыкчы-Кочкор жолундагы кырсыктаган унаада бир үй-бүлө мүчөлөрү бара жаткан
Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында катталган жол кырсыгында каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Кырсыктан Volkswagen Passat унаасынын 46 жаштагы айдоочусу, анын 42 жаштагы аялы, 12 жаштагы уулу каза болгон. Ал эми алардын 6 жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы уулдары жаракат алып, ооруканада жатышат. Бул үй-бүлө мүчөлөрү Балыкчы шаарынын тургундары болушкан", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.
Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.