Бишкекке дагы 300 мобилдик кычкылтек концентраторлору жеткирилди





Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарына өкмөт тарабынан сатып алынган 300 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жана 2000 даана пульсоксиметр жеткирилди. Маалымат республикалык ыкчам штаб тарабынан белгилүү болду.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн өлкөгө 300 даана кычкылтек концентратору алып келинди. Буга чейин өкмөт тарабынан 700 кычкылтек концентратору сатып алынган.
"Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда", - деп белгиледи Аида Исмаилова.
Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

