super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун келип чыгуу себебин аныктоо үчүн Кытайга эксперттердин тобун жөнөттү

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай өлкөсүнө дүйнөгө кеңири кулачын жайган COVID-19 вирустук инфекциясынын келип чыгуу себебин аныктоо үчүн атайын эксперттердин тобун жөнөттү. Бул тууралуу Женева шаарында өткөн брифингде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис билдиргенин чет элдик басылмалар жазышат.

"Эксперттердин тобунда эпидемиологдор жана зоологдор бар. Эксперттердин башкы максаты коронавирус жаныбардан адамга кандайча жукканын аныктоо. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул көз карандысыз эксперттердин ишине катышпайт", - деген Маргарет Харрис.

Буга чейин көз карандысыз эксперттердин тобу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавируска каршы көрүп жаткан аракеттерин изилдей тургандыгы айтылган. Ошондой эле көз карандысыз эксперттердин тобу дүйнөнүн башка өлкөлөрү пандемияга каршы кандай чара көрүп жаткандыгына да көз салмакчы. Ал эми аталган уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясынан жаралган абал начарлап жаткандыгын жана көпчүлүк өлкө бул абалды толук көзөмөлгө ала электигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(4)
10.07.2020. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай АКШ га жооп берди го, Эгер Кытайды күнөөлөгөн болсоңор , анда АКШ нын чиновниктерин да изилдегиле деп .Кыскасы ВОЗ СОЗУҢАР бүт ошол миллярдерлер үчүн иштешет , эл үчүн жэр үчүн эмес !!
10.07.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дал ошол ДССУ менен Американын массондору,Кытайдын массондору оюн кылып атышат суйлошушуп!
10.07.2020. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ооруну атайын чыгарган дейсинерби
11.07.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уханьда жаны чыгып баштаганда ,ошол шаарды жардырып салса болмок. Жаныбарды жейби, атайын ойлоп тапканбы ... Кыскасы кытайлар озулору тынчыса болмок. Эми дуйнону дурболонго салып коюп журушот жымшыктар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: