super.kg logo

Нарында өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу түлөө өткөрүлдү

 

Бүгүн, 10-июлда Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана ыймандуу, кайрымдуу инсандардын, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен элибиздин амандыгын, мамлекеттин тынчтыгын, ооруп жаткан мекендештерибиздин сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалынып, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын казыятынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түлөө Нарын шаарындагы Борбордук Азирети Али мечитинде өткөрүлүп, учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 ылаңынын күч алышынан улам каза болгон жарандардын арбагына багышталып куран окулду.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемиядан улам жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагында күч алып жаткан оорудан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөдө Нарын облустук мусулмандар казыятынын жалпы жамааты, имамдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

Түлөөдө бир бодо мал союлуп, анын эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө, тагыраагы 83 баштык эт таратылып берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.07.2020. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Түлөөнор кабыл болсун
11.07.2020. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuban-1207, оомийин
11.07.2020. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тулоону жер жерлерде откоруш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: