Индонезияда 4 метрлик питонду кармайм деген 13 жашар бала каза болду
Индонезияда 13 жашар бала узундугу 4 метр болгон питонду кармайм деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылат.
Маалыматка ылайык, 13 жашар бала досу менен сейилдеп жүргөндө, суунун жээгинен узундугу 4 метр болгон питонду көргөн. Буга чейин да сойлоп жүрүүчү жандыктарды, анын ичинде жыландарды кармап жүргөндүктөн, питонду кармоону чечкен. Алгач питонду башынан кармаган, бирок питон баладан күчтүүлүк кылып, анын моюнуна оролуп муунта баштаган. Жанындагы досу ага жардам берүүгө аракет кылганы менен майнап чыкпай, башка адамдарды жардамга чакырууга чуркаган. Жакын арада адамдар жок болгондуктан, досу дароо адамдарды алып келе алган эмес. Качан гана досу келгенде, жерде анын жансыз денеси жатканын көрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurhan2702

11.07.2020. 18:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармабай эле жыланды коргондо качып кетсе болмок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.