super.kg logo

Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылышы боюнча үн катты

 

Кечээ, 10-июлда мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакыртылган. Өзүнүн суракка чакыртылышы жана суракта эмне суроолор берилгендигин ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу достор! Мени ойлоп тынчсыздангандардын бардыгына рахмат. Баары жакшы, мен сурактан кайтып келдим.

Мага Кытайдын гуманитардык жардамы боюнча бир нече суроо берилди.
Мени айыптап, Өмүрбекова дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды башка өлкөлөргө саткан деп жаткандарга айткым келет, дал ошол Өмүрбекованын демилгеси менен пандемия учурунда дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө жарлык чыккан.

Андыктан күнөөлөгөнгө шашпай, маалыматты тактоо керек. Мени таанып-билгендер менден бир мүнөт дагы шек санашкан эмес деп үмүттөнөм жана бул маалыматты бурмалоого аракет кылгандардын өз абийирине койдум. Азыр эң негизгиси - вирусту жеңүү, калган нерселер маанилүү эмес. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!", - деп жазган Өмүрбекова.

Алтынай Өмүрбекова 1-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
11.07.2020. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат. Силердики белгилуу да жеп жеп алып эч нерсе болбогондой актанып коюп отура бересинер. Эч ким ишенбей деле калды. Олуп кетпегиле бир кудайдын кусуру уруп. Элдин каргышы да жаман.
11.07.2020. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АК ИЙИЛЕТ БИРОК Сынбайт
11.07.2020. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айым менин оюмча жакшыле иштеди чондорунун айтканын кылбаганы учун биринчи жумушунан алынды менин оюмча (бул менин жеке оюм) мага каршы жооп жазбайле койгула
12.07.2020. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmat94,туура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: