super.kg logo

О! Мобилдик оператору тарабынан ооруканаларга өткөрүп берүү үчүн 70 кычкылтек концентратор сатып алынды

 

О! Мобилдик оператору 5 миллиондон ашуун суммага дем алуу үчүн 70 медицина стационардык аппарат (кычкылтек концентратор) сатып алды. Аппараттар жакында Бишкекке алып келинет жана мындай жабдууларга муктаж ооруканаларга бөлүп берүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Дарыгерлерибизге пневмония менен катуу ооруган бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берерине ишенебиз.

COVID-19 менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерди акысыз байланыш жана интернет менен камсыз кылып жаткандыгыбызды эсиңиздерге салабыз.

Дарыгерлердин кыргызстандыктардын саламаттыгына жасаган камкордугун чын дилибизден баалайбыз!

Медициналык мекемелердин кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыз кылуу үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, борбордук жана аймактык ооруканалар менен госпиталдардын жетекчилиги медперсоналдын ФАА, кызматы жана телефон номери көрсөтүлгөн тизмелерди берүүлөрү керек. Эки айга атайын акысыз тарифти автоматтык түрдө аралыктан кошуп алса болот. Керек болгон учурда атайын тарифтик планы менен жаңы SIM-картаны жеткирип беребиз.

Байланыш телефондор/WhatsApp:
996 700 000 786
996 700 000 789
996 700 000 504
Email: doctor@nurtelecom.kg

Бүгүн башка учурга караганда биздин биримдикте болгонубуз, оор күндөрдөгү ынтымагыбыз маанилүү, бири-бирибизден жардамыбызды аябайлы!

Ар дайым сиздер менен, О! мобилдик оператору.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: