super.kg logo

Вице-премьер жана министрлер өлкөдөгү медициналык мекемелерге куратор болуп бекитилди

 

Вице-премьер-министр, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы – вице-премьер-министр Акрам Мадумаров;

№1 шаардык клиникалык оорукана - вице-премьер-министр Эркин Асрандиев;

Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасы – вице-премьер-министр Аида Исмаилова;

«Семетей» обсервациясы – өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров;

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы – тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;

Улуттук урология борбору – юстиция министри Марат Жаманкулов;

Улуттук фтизиатрия борбору – маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов;

Темир жол ооруканасы – транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов;

Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту – эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;

Улуттук онкология борбору - эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;

Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору – коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев;

«Континент Интергельпо» обсервациясы – маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов;

№2 төрөт үйү – өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун төрайымы Эльнура Боронбаева;

Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын билим берүүчү мектеп-интернаты – мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев;

А.Каниметов атындагы №1 интернат – мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов;

№6 шаардык клиникалык оорукана – Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
11.07.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вице , биринчи , экинчи , орун базары дегендерди жоюш керек, пайдасы жок шалаакылар .((
11.07.2020. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдасы тийсе экен эми булардын. Эл өзүн өзү дарылап, кам көрүп, волонтерлор жардам берип жатканда жолтоо болушпай, жардамы тийсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: