super.kg logo

Францияда коомдук транспорттун айдоочусу жүргүнчүлөргө бет кап тагынуусун айткандан кийин токмоктолуп каза болду

 

Франциянын Байонна шаарында коомдук транспорттун айдоочусу Филипп Монгийо үч жүргүнчүнү бет кап тагынгыла деп айтканы үчүн токмоктолуп каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июлда болгон. Монгийо автобуска түшүп бара жаткан үч кишиден коргоочу бет кап кийүүсүн суранып, дагы бирөөсүнүн билетин текшерүгө аракет кылган. Мындан улам бет капсыз үч адам айдоочуну ур-токмокко алышып, ал эс-учун жоготуп жатып калганда качып кетишкен.

Айдоочуну сабагандардын экөө 22, бирөө 23 жашта экени белгилүү болду. Дагы эки адам айдоочуга жардам берген эмес деп айыпталып, камакка алынган.

Байонна шаарында маркумдун туугандары тарабынан эскерүү маршы уюштурулуп, ага 6 миңге жакын адам катышты. Ошол эле күнү кечинде Париж, Бордо жана Страсбург сыяктуу бир нече шаардагы коомдук транспорттун айдоочулары маркум кесиптешин эскеришип, бир мүнөткө автобустарды токтотуп турушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.07.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүнүйөнү порядка кылам деп безпорядка кылтат.
11.07.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А шоруңду с....н
11.07.2020. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай гана мыкаачы адамдар бар.
12.07.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 минута? жок дегенде 10 минута эскеришпейби же бизда токмок жейбиз деп чочулашкан да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: