super.kg logo

Өзбекстанда баңги заттарын балык кармоочу кайырмак менен аткезчилик кылган Кыргыз жараны кармалды

 

Өзбекстандын чыгышында Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан алынган баңгизатын саткан адам кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 3-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында 59 жаштагы С.К. аттуу Өзбек жараны М. аттуу Кыргыз жараны менен сүйлөшүп, гашиш баңги затын мамлекеттик чек арадан алып өтүп, Өзбекстандын аймагына алып кеткен. Баңги затын өткөрүп берүү фактысы төмөнкүдөй болгон. М. аттуу жаран эки республиканы бөлүп турган Нарын дарыясынын жээгинен өзбек тарапка баңги затын балык кармоочу кайырмак менен ташып турган. Бул баңги заттарын Өзбек жараны үйүнө сактачу.

Жыйынтыгында С.К 513,53 грамм гашиш баңги затын 3 миң 500 долларга сатып жаткан жеринен кармалган. Мындан тышкары С.К.нын үйүн күбөлөрдүн катышуусунда текшерген учурда 0,21 грамм марихуана, 13,47 грамм гашиш жана 0,74 грамм апийим сакталгандыгы аныкталды.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: