super.kg logo

Кубатбек Боронов: "Тез арада аймактарда дары-дармектердин запасын даярдоону күчөтүү зарыл"

 

Өлкөнүн аймактарында медициналык каражаттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Тез арада алардын запасын даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаалга даяр туруш үчүн бардык тараптан шарттар түзүлүш керек.

"Учурда өлкөдө дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Мындан улам буга чейин медициналык каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча берилген тапшырманы аткарууну күчөтүү зарыл. Аймактарда дагы дары-дармектердин запасы даяр турсун. Ошол эле учурда медициналык каражаттардын баасынын негизсиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү шарт. Ооруканалардагы жандандыруу блоктору дагы даярдалсын. Өкмөт тарабынан сатып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлүп берилет", - деди Боронов.

Ошондой эле өкмөт башчы оор абалдагы бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

"Күндүзгү стационарлар, медициналык мекемелердин бардыгы бейтаптарды кабыл алып, жардам берилсин. Медициналык кароого муктаж жарандарды "Тез жардам" кызматы аркылуу башка ооруканага жайгаштырууга көмөк көрсөтүлсүн. Оор абалда келген бейтаптардын бирин да артка кетирбей, жардам берилүүгө тийиш. Ошондуктан медициналык мекемелердин өз ара аракеттешүүсү тез арада жолго салынсын", - деп премьер-министр катуу талап койду.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын соңунда Кубатбек Боронов башка мамлекеттерден алып келинип жаткан дары-дармек менен медициналык аппараттарды бажылык тариздөө иштерин тездетүүнү тапшырды. Муну менен катар Саламаттыкты сактоо министрлигине Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы ооруканалардын жандандыруу блокторун көбөйтүү милдеттендирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
11.07.2020. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дары дармектер жок, болсо кымбат
11.07.2020. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
башында эле ушундай тартипти кармаш керек эми барибир кетип калсанарда иштеп калсанарда жооп бересинер убагын да ойноп жеп журуп алдынар министирлер
11.07.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аймактарга чачасынарбы вирусту?дезинфекциянардан кийин кобоюп кеттиго ооруу?Кудайдан корккулачы!!!
11.07.2020. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо, биздин окмот ойгонду...
12.07.2020. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оор кырдаалдан пайдаланып байыган коммерсанттар оңбой калышсын
12.07.2020. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Антисептиктерди арзандаткылачы
12.07.2020. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ойгонуптурбу.Дарылар жетишпейт.Бар дарылары асмандын башы. Казакстанга дагы ташып жатышат Казакстанда туугандары барлар. Өзүбүзгө жетиштүү кылышты дарыларды карантин учурунда аткара турган жоопкерчилик элгего! Карантинди оору күчөгөндө туруштук берип жеңип калуу үчүн киргизишет экен дүйнөдө! Дарысын аптекаларда толуктап,бааларын көзөмөлдөп, ооруканаларын салып! Оорукана салган жок! Бизде ачык асманда жатат оорулуулар. Вирус жукпаш үчүн жабык имараттар керек! Бизде дневной стационарлар толду
12.07.2020. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол дневной стационарларда колдонулган, шприцтерди, колкаптарды, системаларды, уколдорду, комбинизондорду каякка ыргытып жатышат? Аларга ким жоопкерчилик алып жатышат? Жапжаш студент волонтёрлор медик эмесда. Мүмкүн алар жөнөкөй мусорго салып коюп жатышат! Ошентип оору күчөйт. Вирус абада концентрация болбош үчүн дезинфекция кылып туруш керек. Дневной стационарларда ошентет деп ойлобойм! Кыргызстандын медициналык системасы жок экенда. Эххх! Ыйлагың келет! Дагы эл өзүнө өзү жардам берип жатат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: