super.kg logo

Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмонияга кабылганын, учурда абалы жакшы экенин айтты

 

Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмония илдети менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, ал илдетке кабылганын 4-июлда билген.

"Достор, 10-12 күндөн бери COVID-19дун белгилери байкалып, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тесттин жыйынтыгы таза деп чыккан. Бирок 4-июлда компьютердик томография эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп бардык ийне, дарыларды алдым. Жакшымын, буюрса. Сатурация (кандагы кычкылтектин өлчөмү) дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана мындан ары да байланышта болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!", - деп жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.07.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булар убагында томографияга тартылып, дарыланышат экен тоскоолдуксуз, а дары таппай же ооруканалар кабыл албай жаткан карапайым элге кыйын эле болуп жатат, эртерээк жаман илдеттен кутулсак экен
12.07.2020. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул минстирлердин не кереги бар бизге бекер эле акчага зыян кылып жатыщат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: