super.kg logo

Өлкөдөгү медицина мекемелери үчүн MegaCom'дон кислород жабдыктары

 

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы ооруканаларга жана стационардык мекемелерге дем алдыруучу 50 кычкылтек аппаратын берди. 11-июлдун алдында компаниянын жетекчилери жабдыктарды Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы медициналык мекемелерге өз колу менен өткөрүп беришкен. Ал эми бүгүн, 13-июлда дем алдыруучу аппараттарды өлкөнүн түштүк аймагындагы оорукана жана стационарлар алышты.

"Альфа Телеком" ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов жабдыктарды тапшырып жатып, республиканын медицина кызматкерлерине бекем ден соолук, күч жана чыдамкайлыкты каалап, кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга эбегейсиз күч жумшап жаткандары үчүн ыраазычылык билдирди.

Дем алдыруучу аппараттар MegaCom компаниясынын кеңсесине 10-июлда алып келнинип, макулдашылган тизмеге ылайык, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарындагы, ошондой эле республиканын коронавирус инфекциясына кабылып, пневмониядан жабыркаган жарандарын ооруканадан сырткары дарылап жаткан, концентрат коюуга көбүрөөк муктаж болгон облустарына жеткирилди.

Дем алдыруучу кычкылтек аппаратына өтө муктаж болгон мекемелердин тизмеси MegaCom компаниясынын аймактык бөлүмдөрү жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгына жараша түзүлгөн.

"Кыргызстандагы медициналык мекемелерге дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу жана таратуу - биздин компаниянын COVID-19 менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагын жана калкты колдоого багытталган актуалдуу демилгелеринин бири. Биз бул аппараттар кимдир бирөөлөрдүн өмүрүн сактап калууга жардамы тиерин түшүнөбүз, ошондуктан социалдык жооптуу мекеме катары мекендештерибиздин ден соолугун коргоого салымыбызды кошууга аракеттенүүдөбүз", - деп белгиледи "Альфа Телеком" ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Буга чейин MegaCom компаниясы радио жана телеберүү тармагына жарнама жайгаштыруудан убактылуу баш тартып, үнөмдөлгөн каражатка коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары дармектерди жана медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшоо чечимин кабыл алган. Ошондой эле "Альфа Телеком" ЖАКсы COVID-19 менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин "Ден соолук" тарифтик планынын алкагындагы акысыз байланышка кошуу багытында активдүү иш алып барып жатат.

MegaCom бизнес коомчулугун өлкөдөгү оор кырдаалда мекендештерибизге, саламаттыкты сактоо тармагына активдүү жардам көрсөтүүгө чакырат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2020. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегакомду колдонуп болсо да мамлекетке кичине болсо да салым кошсок жакшы болот эле, көп жардам кылып келет. Мени мегакомдун адамы деп ойлобогула. Бул менин жеке пикири..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: