super.kg logo

"Ухан вирусу": АКШда коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 200 миңден ашты

 

Бүгүн, 13-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 12 миллион 866 миң 958 адам жуктуруп алды. Анын 6 миллион 910 миң 994ү айыгып чыкса, тилекке каршы 568 миң 14 бейтап каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 206 миң 477 адамдан коронавирус аныкталды. 135 миң 174 адам каза болсо, 1 миллион 6 миң 326 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бразилияда коронавирус инфекциясы 1 миллион 800 миң 827 адамдан аныкталды. 72 миң 100 адам каза болсо, 1 миллион 264 миң 843 бейтап айыкты.

Ал эми үчүнчү орунда Индия. Бул өлкөдө 820 миң 916 адам вируска кабылган. 22 миң 674 бейтап көз жумса, 534 миң 621 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: