"Спутник Кыргызстан" маалымат агенттигинин жетекчисинин орун басары Михаил Рогожин пневмониядан каза тапты
Бүгүн, 13-июлга караган түнү "Спутник Кыргызстан" маалымат агенттигинин жетекчисинин орун басары Михаил Рогожин 51 жашында пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу кесиптештери билдиришти.
Маалымат агенттиги тараткан маалыматка ылайык, Рогожинге пневмония диагнозу коюлган.
Жакындарынын айтымында, кечээ, 12-июлда Михаил Рогожин өзүн жаман сезип, үйүнө "Тез жардам" чакыртылган, бирок ооруканага жеткирилгени менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Михаил Рогожиндин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aza84

13.07.2020. 09:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цефтраксонду сайдырбаш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.