Казакстанда сутка ичинде 1 миң 600дөн ашык адамдан коронавирус илдети аныкталды
Коңшу Казакстанда бир суткада коронавирус илдетине 1 миң 646 адам чалдыкты. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында жазылды.
Ага ылайык, бир сутка ичинде аталган өлкөдө 1 миң 646 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Алардын ичинен 689унда вирустун симптомдору бар болсо, 957си вирустун симптомдору жок алып жүрүүчүлөр. Эң көп COVID-19 илдети аныкталгандар Атырау облусунда (266), Алма-Атада (231) жана Караганда облусунда (176) калгандары башка аймактардан катталган.
Казакстанда жалпы 58 миң 253 адам коронавирус инфекциясына кабылды. 33 миң 814 бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы 375 адам каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.