super.kg logo

Чиновниктер үчүн каттамдар уюштурулганбы? Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирүү таратты

 

Социалдык тармактарда тарап жаткан кээ бир чиновниктер үчүн уюштурулган чартердик каттамдар тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирүү таратты.

Анда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн өлкөдөн чет мамлекетке чыгуу үчүн каттамдар уюштурулбаганы айтылат.

"Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө "Манас" эл аралык аэропортторуна мезгил-мезгили менен буйрутмалык чартердик санитардык каттамдар аткарылууда. Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат.

Маалымат иретинде билдиребиз, аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес.

Ошондой эле "МЭА" ААК аэропорттору аркылуу дүйнөдө учуулардын чектелишинен улам өздөрүнүн өлкөлөрүнө учуп кете албай жаткан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар аткарылып жатат.

"МЭА" ААК жалган маалымат таратпоону суранат. Учурда орун алган эпидемиологиялык абалда "МЭА" ААК кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн бардык коопсуздук чараларын так камсыздоо менен күнү-түнү иштеп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 12-июлда социалдык тармакта саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары атайын уюштурулган каттам менен дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат тараган. Буга карата түрдүү пикир жазылып, арасында аларды сындагандар көп болду. Бүгүн, 13-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы туруктуу экенин жана алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.07.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер эч нерсе укпасын да көрбөсө деле көргөндөй үшүк чыгара беребиз го
13.07.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ушул ушак чыгарып аны таркаткан адамдар булар эл душманы, начар адамдар
13.07.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Timurlan2017, ушакты айткан эмес уккан ушакчы деген сөз бар, ар ким ар нерсе дей берсе ишене беребиз, негизи эле ооруган адам артынан ар нерсени айта берген жаман
13.07.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дипломатиялык кызматтын окулдорунун уй-було мучолору дагы колдонсо болот дейби? Аларга эмне бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: