super.kg logo
  Саясат  

ӨКМ Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн эскертет

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-16-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, 13-15-сентябрь күндөрү жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаандын катуу жаашы күтүлүүдө. 14-16 сентябрда өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы 17…22 градуска чейин, тоо этектеринде 10…15 градуска чейин төмөндөйт. 15-17-сентябрь күндөрү Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышындагы айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жана мөмөлүү бактарга коркунучтуу. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, жайыттарда малды кармоону, ошондой эле унаалардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: