super.kg logo

Казакстанда эки дарыгер каза болгондон кийин "Эмгектин баатыры" наамы менен сыйланды

 

Бүгүн, 13-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгон эки дарыгерге "Эмгектин баатыры" наамын ыйгарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өзүнүн милдетин аткарууда көрсөткөн мыкты кызматтары үчүн жогорку даражадагы "Эмгектин баатыры" наамы, "Алтын жылдыз" жана "Отан" ордендери менен Көкшетау шаардык көп тармактуу ооруканасынын дарыгери Исаев Олег Николаевич жана Актөбө облусунун аймактык клиниканын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Козбагаров Калихан Эсбосынович (каза болгондон кийин) сыйланат", - деп жазылган билдирүүдө.

Олег Исаев 10-июлда 53 жашында коронавирус инфекциясынан көз жумган. Ал эми Калихан Козбагаров дагы 10-июлда 59 жашында пневмониядан каза болгон.

Бүгүн, 13-июль Казакстанда коронавирустан каза болгондорду эскерүү күнү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
13.07.2020. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Түштөн кийинби
13.07.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буларда деле бизге окшоп өлгөндөн кийин кадырлашат экен да.
14.07.2020. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадырлуу болуш учун соз суз олуш керек экен да э?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: