super.kg logo

Эми түндө дагы медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Бишкекте түнкү стационарлар ачылат

 

Жакынкы күндөрү Бишкектин бардык райондорунда түнкү стационарларды ачуу мерчемделүүдө. Мындай маалымат бүгүн, 13-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен борбор калаанын төрт районунда түнкү стационарларды ачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда 7-кичи райондогу спорт комплексинин базасында 97 орунга ылайыкташкан санитардык бөлүк ачылса, ал эми ишкерлер тарабынан "Консул" рестораны акысыз пайдаланууга берилди.

Бүгүнкү күндө керебеттер даярдалып, тамчылатып ийне саюу үчүн зарыл болгон каражаттар жасалып жатат. Медицина кызматкерлерин жумушка чакыруу иштери жүргүзүлүп, дарыгерлердин коопсуз иштеши үчүн шарттар (жеке коргонуу каражаттар, турак жай, ысык тамак) түзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы дарыгерлерди, медайымдарды иштөөгө чакырат, жумуштун шарттары менен муниципалитеттин сайтынан тааныша аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: