Бишкектеги күндүзгү стационарлар ишке кирген күндөн тарта 9 адам кайтыш болду
Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев борбор калаадагы стационарлар 24 миң кишини кабыл алганын билдирген.
Кийинчерек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Бишкектин ар кайсы райондорунда ачылган күндүзгү стационарларга 9 күндүн ичинде 23 миң 819 жаран кайрылган. Анын ичинен 17 миң 890 бейтапка ийне жана тамчылатып ийне саюу кызматы көрсөтүлсө, 5 миң 781 кишиге медициналык кеңештер берилген. Ал эми 139 жаран ооруканаларга жаткырылса, 9 киши кайтыш болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.