Лейлекте милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар жапайы өскөн кара куурайларды өрттөштү






Баткен облусунун Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошундар биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды өрттөштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу жээктеринде, кароосуз калган ээн талаада өскөн жапайы кара куурайларды жок кылуу максатында 3 мобилдик топ түзүлүп, Катраң, Лейлек жана Бешкент айыл аймактарында чогуу иш алып барышты.
Жыйынтыгында жалпы 3 гектар жер көзөмөлгө алынып, 2 тонна жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул иш-чаранын биринчи этабы 12-июлда жыйынтыкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
PeRa

13.07.2020. 20:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куурай өрттөпөй, бардык солдаттарды, милицияларды доктурларга жардам берүүгө тартышпайбы. Өкмөт жана эл эки башка планетада жашап жаткандай.
gulya583

13.07.2020. 20:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара куурай деген бул наркотикта, орусчасы кандай болуп калат. Орттоп жок кылбаса, аны бизнес кылып алгандарда барда. Адамдын мээсине канча зыян берет. Туура, жакшы иш кылышыптыр.
TIMON_BERKOWITZ

14.07.2020. 01:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И жытына кайф кармашты)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.