Казакстанда карантиндин мөөнөтү июль айынын аягына чейин узартылат
Коңшу Казакстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу аталган өлкөдө күчөтүлгөн карантин эки аптага узартылат. Мындай чечимди мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кабыл алганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантиндин мөөнөтү июль айынын соңуна чейин узартылат. Өкмөттүк комиссия тиешелүү чечимди эртең кабыл алат. Карантин жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо үчүн керек", - деген президент.
Касым-Жомарт Токаев социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жардамга муктаж жарандарга июль айында акчалай жардам (42 миң 500 тенге) көрсөтүлө турганын кошумчалаган деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
KalenAlmaz

13.07.2020. 21:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каяктагы карантин элдин баарына жугуп буткондо Казактар силер да м...ром экенсинр да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-07-14 09:45:43
HHFRU

13.07.2020. 23:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртеби кечпи баарына жугат деген божомолдоо бар. Карантиндин максаты— бир учурда көп адам оорубасын, ооруканалар дарылоого жетишсин деген. Аз-аздан ооруса, акырын дарылай беришет, саламаттык сактоо системасына күч келтирбей.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.