super.kg logo

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен ооруп жатканын билдирди

 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен ооруп жатканын, азыркы учурда жакшы боло баштаганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Коронавирус деген аты жаман оору өзү менен канчалаган кайгы, жоготуу, ыйды алып жүрөт.

Ооруп калдым... 11 күн бою ден табым түшпөй койду. Менин бардык иммундук системим көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөштү.

Кудайга шүгүр, калыбыма келип жатам, убакыт жок, иш көп. Канчалаган азап чегүүлөрдү көрүү өкүнүчтүү. Ынтымак, адамгерчилик жана өз ара кам көрүү биздин элибиздин улуулугу.

Мындай оор кырдаалда биздин команда бир мүнөт дагы токтоп калбайт, биз жөнөкөй ресурстарды колдонуп мекендештерибизге жардам берүүгө аракет кылабыз. Тилекке каршы, чет өлкөдөгү мекендештерге бардык учурда жардам өз убагында жетпей калыш мүмкүн, ошого карабастан колубуздан келген аракетти жасайбыз. ТИМдин борбордук аппараттагы кесиптештериме, бардык чет өлкөлөрдөгү агенттиктер жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери өздөрүнүн жан аябас, чын ыкластуу иши үчүн ыраазычылык билдирем.

Дипломаттар өз ишин адилеттүү, чын ыкластан жана өздөрүн жарнама кылбастан аткарышат. Кээ бирлери ооруп жаткандыктан, аралыктан иштөө жоопкерчилигин алышууда, бирок баары оор убакытка чыдайт. Биз ынтымак менен коронавирусту жана башка кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем. Баарына ден соолук, сабыр жана ийгилик каалайм", - деп жазылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.07.2020. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакайып кет, ден-соолук каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: