Өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Биринчи Май РИИБи митингде кармалган жарандын окуясы боюнча билдирүү таратты
Кечээ, 13-июлда "Ала-Тоо" аянтына 4-октябрда өтө турган шайлоону жылдыруу талабы менен жарандар митингге чыгышкан. Андан соң аларды милиция кызматкерлери кармап кеткен. Көп өтпөй жергиликтүү басылмалар кармап кеткен жарандардын бирин милиция кызматкерлери муунтуп жаткандагы видеосун чыгарышкан. Бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүчө маалымат таратышты.
"13-июль күнү Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкери М.Э. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгып, андан соң шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген Ж.Н. аттуу жарандын мамилеси боюнча кайрылган.
Ж.Н. аттуу жаран №5 шаардык милиция бөлүмүнө алып келинген соң бардык милиция кызматкерлерине уят сөздөрдү айтып, жүрүм-туруму өтө агрессивдүү болгон. Ал жогорку жакта отурган кызматкерлерди айтып, милиция кызматкерлерин коркутуп, кызматкерлерди түртүп, №5 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кетүүгө аракет кылган.
Мындан улам кызматкерлер жаранды столго отургузуп, башка бейбаштык иштерди жасоосуна каршылык кылышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү жүрүүдө", - деп жазылат маалымаатта.




1 |