super.kg logo

Казакстанда пневмония менен ооруган бейтаптар дары-дармектерди акысыз алышы керектиги айтылууда

 

Ооруканадан сырткаркы пневмония (бул үй шартында жуккан пневмония) менен ооруган бейтаптар дары-дармектерди акысыз алышы керек. Бул жөнүндө Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин вице-министри Людмила Бюрабекова билдиргенин өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Анын айтымында, Казакстанда амбулатордук акысыз дары-дармектер менен камсыздандыруунун азыркы тизмесинде ОРВИ менен ооруган 18 жашка чейинки балдарды, курч респиратордук ооруларды, анын ичинде жугуштуу пневмонияны ошондой эле ооруканадан сырткары пневмония диагнозу коюлган бейтаптарды бекер камсыздоо каралган.

"Бул препараттарды участкалык дарыгерлер жазып беришет жана маалымат системи аркылуу көзөмөлдөө органдарына келип түшөт. Алар кимге жана кандай дары-дармек керек экендигинен кабардар болуп турушат", - деген Людмила Бюрабекова.

Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык аймактардагы участкалык медайымдардын үйүнө дары-дармектерди жеткирүү уюштурулган.

"Бул дары-дармектерди мобилдик топтор жеткирип берүүсү пландалууда. Эгерде дарыгер бейтапка акысыз белгиленген дары-дармектерди жазып, ал дарыканадан алууга туура келсе, мындай учурда бизди кабардар кылгыла. Андай учурда чара көрүлөт", - деп кошумчалаган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: